Америкалык компания менен «Макмал – Каракол» темир жолунун курулушу талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен америкалык «All American Rail Group» компаниясынын өкүлдөрү «Макмал – Каракол темир жолун куруу» долбоорун илгерилетүүнү талкуулашты.
Агенттиктин маалыматында, долбоор 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү макулдашуунун негизинде ишке ашууда. Долбоор аймактардын транспорттук байланышын жогорулатууга жана өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө багытталган.
Талкуунун жүрүшүндө темир жол тармагында алдыңкы жана инновациялык технологияларды тартуу жана ошондой эле дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонуу маселелерине көңүл бурулган.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров бул демилгенин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанисин белгилеп, аны ишке ашырууга колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышкан.