Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстанда коронавирустан сакайгандардын саны 67 адамга жетти
13.04.2020 | 10:29
Акыркы сутка ичинде 13 бейтап коронавирустан сакайып, стационардан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө 67 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 419 адамга жетти. Алардын ичинен 5 киши каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом