Улуттук банк Оштогу жети акча алмаштыруу жайынын лицензиясын кайтарып алды

06.02.2026 | 12:18

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаары жана Ош облусунун аймагындагы жети акча алмаштыруу жайынын лицензияларын кайтарып алды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, тиешелүү чечимдер 3-4-февраль күндөрү кабыл алынып, төмөнкү алмашуу жайларынын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугу токтотулду:

  • «Форекс Голд» ЖЧК (Кара-Суу району, «Достук-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы);
  • «Азиза ЛТД» ЖЧК (Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1);
  • «Осман» ЖЧК (Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940а);
  • «Ойша Финанс» ЖЧК (Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 643);
  • «Али Умар» ЖЧК (Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1);
  • «М Юсуф» ЖЧК (Кара-Суу району, Ош автобекетинин аймагы);
  • «Аманат Береке» ЖЧК (Кара-Суу району, «Достук-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы).
Scroll to Top