Жогорку Кеңештин төрагасы Түркияга расмий сапар менен барат

09.02.2026 | 09:46

9-11-февраль күндөрү Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бир нече депутаттар менен Түркияга расмий сапар менен барат. Сапар Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен ишке ашууда.

Парламенттин маалыматында, сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, анын ичинде Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келип, тараптар Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Төраганы депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Эльдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Эльвира Сурабалдиева коштоп барат.

Scroll to Top