«Кызмат» мамлекеттик мекемеси өткөн жылы төрт миллионго жакын мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөнү тууралуу отчет берди
КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду кеңешме өткөрдү. Мекеме жетекчилиги 52 Калкты тейлөө борборунун (КТБ) жана Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмдөрүнүн башчылары менен санариптештирүү, тейлөө сапаты жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулады.
Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча жарандарга 3,9 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү. Санариптик сегменттин өсүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда: 500 миңге жакын кызмат онлайн форматта көрсөтүлгөн.
Электрондук кезек тутумунун мониторингине ылайык, өлкөдөгү эң көп жүктөмдүү бөлүм катары Бишкек шаарынын Ленин районундагы 01-01 КТБсы таанылды. Ошол эле учурда тутум боюнча тейлөө ылдамдыгында жана ички процесстерди оптималдаштырууда оң динамика байкалган.
Борбор калаадагы филиалдарга болгон жүктөмдү азайтуу үчүн Бишкекте ири долбоорду ишке ашыруу — учурдагы төрт КТБны бирдиктүү технологиялык борборго бириктирүү пландалууда.
Бул жылы мекеме портал жана мобилдик тиркеме аркылуу аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү көздөп жатат. Төмөнкү кызматтарды киргизүү пландалууда:
- жалпы жарандык паспортту алмаштыруу;
- никени каттоо жана никени бузуу боюнча арыздарды берүү;
- жашаган жеринен маалымкат алуу;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөөдө маалыматтарга түзөтүү киргизүү.