Миллионго жакын аялдар жана кыздар гуманитардык жардамсыз калды — БУУнун баяндамасы«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи түз каттам келдиСелдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылдыУлуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылды
Кыргызстанда сугат сууну эсептөө үчүн 1,5 миң электрондук эсептегич орнотулат
09.02.2026 | 12:03

Быйыл фермерлерге берилүүчү сугат суунун көлөмүн так эсептөө үчүн 1,5 миңге жакын электрондук эсептегич орнотуу каралууда. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Министрдин маалыматы боюнча, учурда республикадагы 498 суу сактагычта 884 млн куб метр суу бар. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30-35%га аз.
2026-жылы Кыргызстанда 1 млн 250 миң гектар айыл чарба жерине себүү иштери пландалууда. Сугат каналдарын оңдоо жана куруу үчүн республикалык бюджеттен 12 млрд 300 млн сом бөлүндү.
Жазгы талаа жумуштарына даярдыктын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылат:
- 776 миң чакырым сугат каналын, 657 бетон төшөлмөсүн жана 590 гидротехникалык курулушту оңдоо;
- 508 суу өлчөөчү постту тазалоо;
- 91 насостук станцияны жана 170 насостук агрегатты стандартка келтирүү;
- 46 насостук станцияны жаңылоо;
- 225 коллектордук-дренаждык тутумду тазалоо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом