Өзбекстан Трансооган темир жолун куруу долбоорун бекитти

09.02.2026 | 15:53

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ооганстан жана Пакистан менен Трансооган темир жолун куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) биргелешип иштеп чыгуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну бекитти. Документ Термез — Найбабад — Майданшахр — Логар — Харлачи багытындагы каттамды изилдөөнү карайт. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктаганы тууралуу өнөктөштөргө билдирүү тапшырылды.

Узундугу 647 чакырымды түзгөн темир жол магистралынын долбоору 4,5 миллиард долларга бааланууда. Жаңы жол Россиядан, Казакстандан, Кытайдан жана Европадан жүктөрдү Ооганстан аркылуу Пакистандын портторуна, андан ары Түштүк Азия өлкөлөрүнө ташуу үчүн негизги транспорттук коридорго айланууга тийиш. Каттамдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 20 миллион тоннага чейин жүктү түзөт.

Scroll to Top