2026-жылдын башынан бери Кыргызстандын фермерлери 81,4 млн сомдук 42 бирдик атайын техниканы лизингге алышты
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик лизинг программаларынын алкагында жалпы суммасы 81,4 млн сомдук 42 бирдик техника берилди. Бул чаралар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өлкөнүн машина-трактордук паркын жаңыртуу боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
Аграрийлерди заманбап техника менен камсыз кылуу үчүн республикада жети лизингдик долбоор иштеп жатат. Техникаларды жеткирүү «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» мамлекеттик банктары аркылуу ишке ашырылууда. Программалардын шарттарына ылайык, жеңилдетилген пайыздык коюм жылына 6%ды түзөт, ал эми лизинг мөөнөтү 7 жылга чейин берилет. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү бул шарттар менен профилдик техниканын бардык түрлөрүн, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдууларды сатып ала алышат.
Аграрийлерди колдоонун мамлекеттик программалары тармактык министрликтин демилгеси менен 2011-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бул долбоорлор иштеп баштаган бүткүл мезгил ичинде фермерлерге жалпы суммасы 27,7 млрд сомдук 9 725 бирдик айыл чарба техникасы берилген.