Манас шаарында үйүндө мыйзамсыз күрөөкана иштеткен аял кармалды

10.02.2026 | 11:22

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында үйүнө мыйзамсыз күрөөкана (ломбард) уюштурган деген шек менен А.Э.С. аттуу жаран кармалды.

УКМКнын маалыматында, аталган жаран жылына 150%дан ашык үстөк менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле зер буюмдарды күрөөгө алып, накталай акча берип турган.

Ш.К.У. аттуу жаран аялдан 1 млн сом карыз алып, ай сайын 150 миң сом пайыз төлөп келген. Төлөм кечиктирилген учурларда А.Э.С. карыз алуучунун мүлкүн опузалап тартып алууга аракет кылып, унаасын алып койгондугу аныкталган.

А.Э.С. 4-февралда жарандан 200 миң сом пайыздык төлөмдү алып жаткан учурда кармалган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорттору, жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган документтер, өздүгүн тастыктоочу күбөлүктөр жана күрөөгө коюлган зер буюмдар табылып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган аял күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берди. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Scroll to Top