Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
12.02.2026 | 15:54

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Адилет Орозбеков 48 жашта. Ал Кыргызстан эл аралык университетин “Дипломатия жана эл аралык укук” адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле Орусиянын ФКК (ФСБ) Академиясында билим алган. Полковник аскердик наамына жана мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ.
Эмгек жолу:
- 2001–2017-жж. — Улуттук коопсуздук органдарында ыкчам жана жетекчилик кызматтарда иштеген. Анын ичинде УКМКнын конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгында бөлүм башчынын орун басары, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы жана Антитеррордук борбордун башкы эксперти болгон.
- 2017–2019-жж. — Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катчылыгынын референти.
- 2023–2024-жж. — Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти.
- 2025-жылдын декабрынан тарта — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат