«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан алуу чечими боюнча маалымат берди. Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган маекте, ал бул кадамды өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана саясий бөлүнүүнүн алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Президенттин айтымында, саясий чөйрөдө мамлекеттик кызматкерлерди жана депутаттарды эки жакка бөлүү аракеттери байкалган.
«Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, “биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы” деп депутаттарды бөлүп баштады. “Бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап” деп иш жүргүзө башташты», — деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров бул бөлүнүп-жарылуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрөлү деп кайрылуу жасаган “ак сакалдарга” өткөнүн, муну убагында токтотпосо “эл дагы экиге бөлүнө баштамак” деп түшүндүрдү.
Ошондой эле өлкө башчы айрым мамлекеттик кызматкерлерди генералдын аты менен коркутуу фактылары болгонун, мындан улам Ташиевди кызматтан алууга туура келгенин айтты.
Садыр Жапаров чечим кабыл алар алдында Камчыбек Ташиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.
“Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан.
Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, “Генерал тарапка өткүлө” деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан.
Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору”,- деп билдирди Садыр Жапаров.
Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берип, буга Ташиевдин атын жамынып, өлкөдө туруксуздук кырдаал жаратууга аракет кылышканын билдирген.