«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Суусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калды
13.02.2026 | 11:35

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бороондуу жайлоосунда кар көчкү астында калган 59 жаштагы жаранды издөө иштери жүрүүдө.
Маалыматка ылайык, кечээ 1967-жылы туулган Д.А. аттуу жаранды 50 баш кой жана бир аты менен кошо кар көчкү басып калган.
Бүгүн, 13-февралда, саат 03:00дөн тарта издөө иштерине министрликтин аймактык башкармалыктарынан жана түзүмдөрүнөн жалпы 24 куткаруучу жөнөтүлдү.
Учурда издеп-куткаруу иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар