Кара-Сууда акча коюп, короз уруштургандар кармалды

16.02.2026 | 10:51

Ош облусунун Кара-Суу районунда кумар оюну катары короз уруштурууну уюштургандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 38 жаштагы С.И. аттуу жаран өзүнүн үйүнүн короосунда ортого акча коюу менен короз уруштуруу оюнун өткөрүп жатканы белгилүү болгон. Окуя болгон жерге коңшу өлкөнүн 100дөн ашык жараны жана 200дөн ашык жергиликтүү тургун чогулган.

Кармалган жарандар милицияга жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында коңшу өлкөнүн жети жаранына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча жалпы 38 500 сом айып пул салынды.

Учурда аталган оюнду уюштуруучулардын жана катышуучулардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканы маалымдалды.

Scroll to Top