Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Кыргызстандык спортчулар Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарында кандай жыйынтык көрсөтүүдө
16.02.2026 | 10:13

Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Тимур Шакиров тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча жарышта 62-орунду ээледи. 14-февралда өткөн бул мелдешке жалпы 81 спортчу катышкан.
Шакиров биринчи жарышта белгиленген аралыкты 1 мүнөт 29,52 секундда, экинчисинде 1 мүнөт 22,5 секундда басып өткөн. Эми спортчу 16-февралда слалом боюнча жарышка катышат.
Кыргызстандын атынан катышып жаткан дагы бир спортчу Артур Сапарбеков 10-февралда өткөн лассикалык спринт түрүндөгү лыжа жарышында 94-орунду ээлеген. 13-февралдагы эркин стилдеги 10 чакырымдык жарышта 113 катышуучунун ичинен 103-орунду алган.
25-кышкы Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтүп жатат. Мелдештер 22-февралга чейин уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт