Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Дастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
20.02.2026 | 18:17

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековго «TikTok» социалдык тармагына коюлган чектөөлөрдү алып салуу сунушу менен расмий кайрылуу жасады.
Депутат өз кайрылуусунда аталган платформаны бөгөттөн чыгаруу зарылдыгын төмөнкүдөй негиздер менен түшүндүрдү:
- Бөгөттөө чечими кабыл алынгандан бери TikTok модерация куралдарын жана колдонуучуларды коргоо механизмдерин (даттануулар, ата-энелик көзөмөл ж.б.) күчөткөн. Бул бүтүндөй платформаны өчүрбөстөн, конкреттүү мыйзам бузууларга карата даректүү чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
- Окшош форматтагы кыска видеолор башка социалдык тармактарда (Instagram Reels, YouTube Shorts) эркин жеткиликтүү. Мындан улам бир гана платформаны чектөө коюлган максатка жеткирбейт.
- Социалдык тармактын бөгөттөлүшү жарандарды VPN кызматтарын массалык түрдө колдонууга шарт түзүүдө. Бул жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугуна коркунуч келтирет.
- TikTok чакан жана орто бизнес үчүн продукцияларын илгерилетүүдө жана кардарлар менен байланышууда маанилүү канал болуп саналат. Аны чектөө ишкерлердин мүмкүнчүлүгүн азайтып, чыгымдарын көбөйтөт.
- Платформа Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалыматтарды жайылтуунун натыйжалуу куралы катары кызмат кылат.
Дастан Бекешев жогорудагы жагдайларды эске алуу менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине TikTok социалдык тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү боюнча тапшырма берүүнү сунуштады.
Эске салсак, Кыргызстанда TikTok 2024-жылдын майында бөгөттөлгөн. Мындай чечимдин кабыл алынышына аталган платформа балдардын психикалык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизип жатканы себеп болгону айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

