«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго барды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылды
23.02.2026 | 12:13

Бүгүн, 23-февралда, Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) атайын техникаларды тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышып, 116 даана техниканын ачкычтарын өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго тапшырды.
Минкабдын маалыматында, акыркы беш жыл ичинде мекеме 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 млрд сом багытталган.
Адылбек Касымалиев иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө акыркы жылдары министрликти каржылоо өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Атап айтканда:
- ӨКМдин 2025-жылга карата бюджети 5,5 млрд сомдон ашты;
- Каражаттар авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфратүзүмдүк долбоорлорго жана стратегиялык объектилерди курууга жумшалууда;
- Метеостанцияларды куруу, аэродромдорду модернизациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү иштери каржыланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат