Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт

26.02.2026 | 09:53

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМга караштуу Гидрометеорология кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. ӨКМ жарандарды этият болууга чакырат.

Scroll to Top