Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары алмашты

26.02.2026 | 16:19

Бүгүн, 26-февралдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирди.

Мындан улам депутаттар парламенттин төрагасынын биринчи орун басарын шайлашты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 74 депутат Медербек Алиевдин аталган кызматка келишин колдоду. Анын талапкерлигин «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобу сунуштаган. Жаңы орун басардын шайланышы тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

39 жаштагы Медербек Алиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Ал 2010-жылы Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2011–2012-жылдар: Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
  • 2014–2017-жылдар: Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинде инвесторлорду колдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы;
  • 2018–2021-жылдар: «Ала-Тоо» эл аралык университетинин юридикалык факультетинде окутуучу;
  • 2019–2020-жылдар: Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
  • 2020-жыл: Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин директору;
  • 2021-жылы «Ишеним» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2025-жылдын декабрында №19 шайлоо округу боюнч Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.
Scroll to Top