Кыргызстан ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгы үчүн Өзбекстанга 29 миңге жакын көчөттү кайтарды

27.02.2026 | 12:40

«Кызыл-Кыя» фитосанитардык контролдоо постунда коңшу республикадан отургузуучу материалдардын ири партиясын алып кирүүгө бөгөт коюлду. Өзбекстандан импорттолгон 28 762 көчөт милдеттүү маркировканын жоктугуна байланыштуу жөнөтүүчүгө кайтарылды.

Эреже бузууну 2026-жылдын 23-февралында КР Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгынын кызматкерлери аныкташты. Текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгактарында зарыл маалыматтар жок экени белгилүү болду.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) регламенттерине ылайык, карантинге алынуучу жүктүн ар бир таңгагында төмөнкүлөр көрсөтүлгөн маркировка болушу керек:

  • продукциянын аталышы;
  • келип чыккан өлкөсү;
  • экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө жөнүндө маалыматтар.

Ведомстводогулар бул маалыматтардын жоктугу биримдиктин бирдиктүү фитосанитардык талаптарын түздөн-түз бузуу болуп саналарын баса белгилешти. Ушуга байланыштуу жүктүн бардык партиясын экспорттоочу өлкөгө токтоосуз кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Scroll to Top