«Кыргызалтын» мамлекеттик бюджетке 18,7 млрд сом которотЖер айдоо, кой кыркуу боюнча чемпионаттар, көргөзмөлөр, концерт: Чүйдө «Айдоо Фест 2026» фестивалы өтөтДепутат мэрияны «Манас» кампусу аркылуу өтүүчү жолго альтернатива издөөгө чакырдыКыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин жаңы курамы шайландыКамчыбек Ташиев КФБнын президенттик кызматынан кеттиКара-Балта суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоого муктаж – депутат
Казакстанда кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза тапты
27.02.2026 | 13:14

Казакстандын Щучинск шаарындагы “Плов борбору” кафесинде жарылуу болуп, анын кесепетинен 7 адам каза болду. Дагы 19 адам жабыр тартты. Бул тууралуу 27-февралда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгондордун арасында 16 жаштагы өспүрүм кыз бар. Учурда 13 жабырлануучу ар кандай күйүк алып, ооруканада дарыланууда, дагы алты адам амбулатордук көзөмөлгө чыгарылган.
Учурда окуя болгон жерде кырсыктын себептери такталып жатканы айтылды. Акмола облусунун акимчилиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн маалымдады.