АКШда дагы бир кыргызстандык жаран кармалды

28.02.2026 | 12:00

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын аймагында А.М. аттуу кыргызстандык жаран кармалгандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда А.М. Аризона штатындагы «Eloy Detention Center» иммиграциялык убактылуу кармоо борборунда турат. Аталган мекеме АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) карамагында.

“Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу бул маселени АКШнын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу иштеп чыгууда жана кырдаалды туруктуу көзөмөлдө кармап турат”,- деп билдирди мекеме.

Министрлик жарандын эмне себептен кармалгандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Эске салсак, буга чейин да АКШда 30 жаштагы кыргызстандык кармалган. Аталган өлкөнүн Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) ал Индиана штатында төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу камакка алынганын билдирген. Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран Б.Б. башкарган жүк ташуучу унаа алдындагы транспорттун артынан токтоого жетишпей, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ичинде 15 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен кагылышып, төрт адам каза болгон.

Scroll to Top