Кызыл-Кыядагы базарда уурулук кылып жүрүүгө шектелген жаран кармалды

02.03.2026 | 11:45

Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир ажы” базарында чөнтөктөрдөн акча жана баалуу буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

2025-жылдын декабрь жана 2026-жылдын январь айларында Асаналиев көчөсүндө жайгашкан базарда соода кылып жүргөн адамдардын чөнтөктөрүнөн жана сумкаларынан буюм, акчаларды уурдоо фактылары катталган. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 70 мин сомду түзгөн.

Аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну Ж.М. аныкталган. Ал Ош шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Милиция кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ички иштер органдарында каттоодо турары аныкталганын билдирди. Учурда тергөө иши улантылууда.

Scroll to Top