Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшерди

03.03.2026 | 12:11

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасынын (ЭМБ) колдонулушун текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан «Неман-Фарм» ЖЧКсынын дарыкана пунктунда электрондук системага киргизилбеген дары каражаттары аныкталып, тиешелүү акт түзүлдү.

Министр дары каражаттарын милдеттүү түрдө каттоо жана санариптик көзөмөлдөө талаптары менчик формасына карабастан бардык фармацевтикалык субъекттерге тиешелүү экенин билдирди. Ошондой эле өлкө аймагында жүгүртүүдөгү ар бир дары электрондук көзөмөл системасында чагылдырылышы керектигин, бул чара рыноктун ачыктыгын камсыздоого жана бейтаптардын укуктарын коргоого багытталганын белгиледи.

Scroll to Top