Ош шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгиленди

3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттын алкагында өлкөнүн гимни жаңырып, туу көтөрүү аземи уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, мекеме-ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы өз сөзүндө мамлекеттик туу эркиндиктин символу жана ата-бабалардын аманаты экенин белгиледи. Ал мамлекеттин күчтүүлүгү жана экономиканын өнүгүшү туунун бийик желбиреп туруусуна өбөлгө болорун айтып, жарандарды биримдикке жана мекенчилдикке чакырды.
Эскерте кетсек, 2025-жылы Оштун борбордук аянтындагы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулган.