Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Бишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилди
03.03.2026 | 15:00

Бүгүн, 3-марттан тарта Бишкек шаарында жаңы №62 маршруттук каттам иштей баштады. Бул багыт Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейинки аралыкты тейлейт.
Мэриянын маалыматында, каттамга экологиялык электробустар чыгарылды. Кыймыл багыты Б. Алыкулов, Л. Толстой жана Ауэзов көчөлөрү аркылуу өтөт.
Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруу жана борбордук көчөлөрдөгү жол тыгындарын азайтуу максатында уюштурулду. Буга чейин ушул эле негизде №35, №45, №61 жана №51 каттамдардын кыймыл-чиймелери өзгөртүлгөн.
Мэрия транспорттук каттамдардын багыттарын этап-этабы менен өзгөртүү иштери улантыларын билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом