4-мартка карата аба ырайы

04.03.2026 | 09:00

Бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы, ал эми тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн -1…4°C, күндүз 5…10°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -2…3°C, күндүз 7…12°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 2…7°C, күндүз 11…16°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 2…7°C, күндүз 11…16°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 2…7°C, күндүз 11…16°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2°C, күндүз 3…8°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 1…6°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 1…3°C, күндүз 8…10°C болот.
Scroll to Top