Бишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар акылуу болушу мүмкүн: тарифтер саатына 50 сомго чейин жететКореялык ишкана Кыргызстанда 300 электр кубаттоочу станция орноштуратЕЭК жана КМШ евразиялык мейкиндиктеги транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты чыңдоодоЧүй облусу экономикалык лидерлик статусун бекемдеди: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355 млрд сомго жеттиӨзбекстандын экономикасы 2026-жылы 7 пайыздык деңгээлде өсөрү болжолдонуудаДепутат Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштады
БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жандантты
04.03.2026 | 10:44

3-мартта Бириккен Араб Эмираттарынын Капитал рыногун жөнгө салуучу башкармалыгы өлкөнүн фондулук биржалары ишин кайра жандантарын билдирди. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги кабарлады.
Абу-Даби жана Дубай бийликтеринин маалыматына ылайык, Абу-Даби фондулук биржасынын жана Дубай каржы рыногунун (Nasdaq Dubai) иши эки күндүк тыныгуудан кийин калыбына келтирилет.
Биржалардын иши Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган соккуларына байланыштуу убактылуу токтотулган болчу. Кырдаалга мониторинг жүргүзүүдөн кийин соода сессияларын кайра баштоо чечими кабыл алынган.