Кореялык ишкана Кыргызстанда 300 электр кубаттоочу станция орноштурат

Түштүк кореялык «Blue Networks» компаниясы 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын аймагында автоунаалар үчүн 300 электр кубаттоочу станцияны даярдоону пландаштырууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
3-мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган компаниянын башкы директору Но Cун Ён менен жолугушуп, электр кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана заманбап энергетикалык технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда түштүк кореялык компания кубаттоочу инфраструктураны башкаруу үчүн атайын программалык камсыздоону иштеп чыккандыгын маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында системанын ачык-айкындуулугун, мониторингин жана натыйжалуу башкарууну камсыздоо үчүн Энергетика министрлигине тийиштүү кирүү ачкычтарын жана логиндерди өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ырасталды.
Мындан тышкары, тараптар күн электр станцияларын куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлоруна кызыкдар экенин билдиришти.
Маалымат үчүн: “Blue Networks Co., Ltd.” менен Энергетика министрлиги 2024-жылдан бери кызматташат. 2024-жылдын август айында «Чакан ГЭС» ААК менен компаниянын ортосунда электр заряддоо станцияларын чогу даярдап иштетүү жана пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган.
2025-жылы Кыргызстанда электр заряддоочу станцияларды чогултуу, өндүрүү жана орнотуу боюнча өндүрүштүк ишкана ачуу долбоорун ишке ашыруу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлган. Анын алкагында “Рево Кей Джи” ЖЧК биргелешкен ишканасы түзүлгөн, электр кубаттоочу станцияларды чогултуу боюнча заводду ишке киргизүү 2026-жылдын апрель айына пландаштырылган.