Бишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар акылуу болушу мүмкүн: тарифтер саатына 50 сомго чейин жетет

04.03.2026 | 13:20

Борбор калаанын мэриясы акылуу унаа токтотуучу жайлардын автоматташтырылган тутумун киргизүү маселесин карап жатат. Муниципалитеттин планына ылайык, шаар атайын зоналарга бөлүнүп, алардын ар биринде өзүнчө тариф колдонулат.

Шаар бийлиги районго жараша унаа токтотуунун дифференцияланган (айырмаланган) баасын белгилөөнү пландаштырууда:

  • «Кызыл» зона: саатына 50 сом.
  • «Көк» зона: саатына 40 сом.
  • Калган зоналар: саатына 30 сом.

Көрсөтүлгөн баалар унаа токтотуунун алгачкы эки саатында колдонулат. Андан кийинки ар бир саат үчүн төлөм 20 сомду түзөт.

Төлөмдөрдү көзөмөлдөө үчүн айып пулдар тутумун киргизүү пландалууда. Унаа токтотуу кызматы үчүн акы төлөөдөн баш тарткан учурда, унаа ээлерине 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Учурда долбоор пландоо стадиясында турат. Жаңы төлөм тутумун киргизүүнүн так мөөнөттөрү кийинчерээк жарыяланат.

Scroll to Top