Даниел Ажиев эки айга камакка алынды

09.03.2026 | 13:14

Даниел Ажиев баңгизатка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Токмок шаардык соту кабыл алды.

Ажиевге Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо») боюнча айып тагылууда.

Эске сала кетсек, вебкам-студиялар тармагын уюштургандыгы үчүн мурда соттолгон Даниел Ажиевге 2026-жылдын февралында президент Садыр Жапаров тарабынан ырайым берилген. Андан кийин ал абактан чыгып жатып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) коммерциялык тик учагына түшүп жаткан видеосу жарыялангандан кийин коомчулуктун көңүл борборунда калган.

Даниел Ажиев 2023-жылдын июнь айында кармалган. Ал вебкам-студиялардын ишин уюштурууга жана кызматкерлердин биринен акча опузалоого айыпталган. Өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылып жатканда коңшу мамлекетте кармалып, экстрадицияланган.

Сот Ажиевди 9 жылга эркинен ажыраткан. Кылмыш ишинин алкагында анын жалпы баасы 262 миллион сомду түзгөн мүлкүнө: үйлөрүнө, батирлерине жана автоунааларына камак коюлуп, кийин мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Scroll to Top