Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралат

18.03.2026 | 16:11

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы кызматына талапкер болуп көрсөтүлдү. Бул кызматты буга чейин Бакыт Тентишев ээлеп келген.

Белгилей кетсек, Самаков бул кызматка жалгыз талапкер. Акыркы чечим бүгүн депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Учурда Самаков конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Scroll to Top