Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт2026-жылы бизнес кимди издеп жатат жана канча төлөөгө даяр?Кыргызстандагы россиялык инвесторлор саясий тобокелдиктерден камсыздандырылатЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам Brent мунайынын баасы бир баррелине 112 доллардан аштыКыргызстан парламентте аялдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда туратМанаста 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу токтотулуп, айрым обьектилер Курулуш министрлигине өттү
Кытайга биринчи жолу Кыргызстандын жүгөрүсү экспорттолду
19.03.2026 | 10:22

Кыргызстандан Кытайга алгачкы жолу жүгөрү экспорттолду. Экспорттун көлөмү 25 тоннаны түзүп, аны «Зиябидин Ата» дыйкан чарбасы жөнөттү. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул иш-чара 2022-жылдын 15-сентябрында эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколго ылайык ишке ашырылган. Аталган документ айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн укуктук негиз болуп саналат.
“Азыркы учурда Кыргызстандын эки ишканасы Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна ээ. Департамент өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү жана айыл чарба продукциясынын рыноктордогу үлүшүн кеңейтүү багытында ишин улантат”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом