Жогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилдиКыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт2026-жылы бизнес кимди издеп жатат жана канча төлөөгө даяр?
Бишкекте 600 гараждын ордуна 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп курулууда
19.03.2026 | 11:32
Бишкек шаарынын Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде мурда 600 гараж жайгашкан жер тилкесине 1 миң 200 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.
Долбоор республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Мектептин имараты 5 блоктон туруп, эки кабаттуу болот. Анын жалпы аянты 3680 чарчы метрди түзөт.
Мектептин курамында окуу класстары, эмгек жана компьютердик кабинеттери, жыйындар залы, ашкана жана спорттук зал каралган. Ошондой эле мектептин аймагында футбол жана волейбол аянтчалары курулат.
Бүгүнкү күндө курулуш аянтында жер казуу иштери аяктап, топуракты таптоо процесси жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

