Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Жер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
19.03.2026 | 15:30

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда алдамчылык фактысы боюнча 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 13-январда милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда С.К. аттуу жаран Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы 82 гектар жер тилкесин жана токой чарбасындагы (лесхоз) 200 гектар жерди документтештирүүгө жардам көрсөтүүнү убада кылганы айтылат. Бул үчүн ал арыз ээсинен 27 миң доллар алып, андан соң байланышка чыкпай калган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
18-мартта кылмышка шектүү С.К. аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар