Өлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалды

Чүй Кара-Балта шаарында адам өлтүрүп, сөөгүн көмүп салган деп шектелип 38 жаштагы эркек киши кармалды.
Облустук милициянын маалыманда, кечээ, 22-мартта, аталган шаардын «Южная» дачасында жерге көмүлгөн адамдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, дача участогунун тосмосунун ички тарабынан 15–20 см тереңдикте көмүлгөн эркек кишинин сөөгүн табышкан. Маркумдун өздүгү такталып, ал 33 жаштагы Б.Н. экендиги аныкталган.
Тергөөдө белгилүү болгондой, 38 жаштагы Д.Р. 19-март күнү үч адам менен таанышып, бирге баңгизат колдонушкан. Андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Окуя учурунда эки жаран качып кеткен, ал эми Д.Р. жабырлануучу Б.Н.ни кармап калып сабаган. Андан кийин такси менен өзүнүн дачасына алып барган жана ал жерден уруп-сабоону уланткан. Натыйжада Б.Н. алган жаракаттарынан улам каза болгон. Шектүү кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумду дачанын аймагына көмүп, анын кийимдерин жана жеке буюмдарын ар кайсы жерлерге таштап салган.
Такталгандай, шектүү Д.Р. 2014-жылдан бери психиатрдын каттоосунда турат.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.