Президент Ирандагы элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоону тапшырды

24.03.2026 | 10:02

Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине Ирандагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, бул чаралар дипломаттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги мамлекет башчыга Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу маалымат берген.

Эске салсак, 28-февралда Америка Кошмо Штаттары менен Израил Ирандын аймагына аскердик чабуулдарды жасашкан. Иран жооп катары Израилге жана Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан АКШнын аскердик объектилерине чабуул жасаган. Ирандын чабуулуна Араб Эмираттары, Бахрейн, Кувейт, Катар, Сауд Арабия жана Иордания кабылган. Тараптардын чабуулдары бүгүнкү күнгө чейин уланып, Жакынкы Чыгышта абал курч бойдон калууда.

Scroll to Top