Жарандарды 20 млн сомго алдаган. «Феникс» компаниясынын өкүлү кармалды«Портердин» айдоочусу жогорку ылдамдыкта баратып, окуучу кызды сүзүп кетти. Ал каза болду1-апрелден тарта электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөр алынатБишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат
Кыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдө
24.03.2026 | 12:13

Кыргызстандан Орусиянын Пермь крайына 20,7 тонна сабиз жеткирилди. Аталган аймактын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы продукцияны текшерүүдөн өткөрүп, сатууга уруксат берген. Орусия тараптын маалыматында, өткөн жылы Пермь крайына Кыргызстандан мындай продукция жеткирилген эмес.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери сабиздин экспорту 1 миң 13 тоннаны түзгон. Анын ичинен 902 тоннасы Орусияга, 111 тоннасы Казакстанга жөнөтүлгон.
Ал эми 2025-жылы сабиздин жалпы экспорту 8 405 тонна болгон. Негизги экспорттук багыттар:
- Орусия— 4 546 тонна;
- Өзбекстан — 2 610 тонна;
- Тажикстан — 849 тонна;
- Монголия — 353 тонна;
- Казакстан — 38 тонна;
- Армения — 8 тонна.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика