«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодо

24.03.2026 | 12:40

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын көчөлөрүн жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Иштер түнкү саат 00:00дөн таңкы 06:00гө чейин аткарылат.

Мэриянын маалыматында, бул иштерге 46 даана суу чачуучу жана айкалышкан атайын техника тартылган. Тазалоо иштери негизги магистралдык жолдорду жана кошумча көчөлөрдү камтыйт.

Жууп-тазалоо иштери жаандан кийин жүргүзүлүүдө. Ишкананын маалыматына ылайык, жол бети нымдуу болгон учурда тазалоо процесси натыйжалуу болуп, кирлер жеңил тазаланат.

Ишкана шаар тургундарын жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Scroll to Top