Жээнбек Кулубаев ЕККУнун башкы катчысы менен аскердик-саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматтыштыкты талкуулады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Феридун Хади Синирлиоглу менен жолугуп, аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык багыттар боюнча кызматташуу маселесин талкуулады.
Феридун Хади Синирлиоглу 24-мартта Бишкекке иш сапары менен келген. Бул анын уюмдун баш катчысы болуп дайындалгандан кийинки Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары.
Жолугушууда тараптар кызматташтыктын учурдагы деңгээлин канааттануу менен белгилешип, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүн колдоого жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, коопсуздук чакырыктары жана аларды чечүү боюнча ЕККУнун механизмдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жээнбек Кулубаев ЕККУга демократиялык процесстерди колдогону, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал уюмдун коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, ошондой эле экономикалык өнүгүү, экология жана климат сыяктуу тармактардагы долбоорлору өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Өз кезегинле ЕККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюм менен өз ара аракеттенүү деңгээлин белгилеп, биргелешкен аракеттерди колдой турганын билдирди.