«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдү
Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды
27.03.2026 | 10:52

Транспорт министрлиги Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушуна киришти. Жол ушул жылы өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине чейин бүткөрүлөт.
Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүргүзүлүп, мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн» компаниясы менен келишим түзүлгөн.
Учурда жер жумуштары, топуракты казып алуу жана ташып чыгаруу, демонтаждоо, ошондой эле темир-бетон буюмдарын даярдоо иштери жүрүп жатат. Андан тышкары, аймакта асфальт-бетон заводун орнотуу каралган.
Бул жол шаардын транспорттук жүгүн азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында курулууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом