Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Президент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду
27.03.2026 | 17:00

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документ бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүүгө жана материалдык дем берүүгө багытталган.
2026-жылдын 1-апрелинен тартып төмөнкүдөй төлөмдөр белгиленет:
- Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) 1 ставкага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм берилет.
- Бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, ошондой эле укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн жарандык персоналы үчүн 1 ставкага 5 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм төлөнөт.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык маянасына иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кошулуучу үстөктүн өлчөмү 50%га чейин жогорулайт.
- Жарлыкта көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик органдарды (күч түзүмдөрү, соттор, салык кызматы ж.б.) кошпогондо, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилет.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом