НТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдү

30.03.2026 | 11:41

Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу жаш аткаруучулар «УТРК Музыка» телеканалына клиптери кабыл алынбай жатканына даттанып жатканын билдирди.

НТРКнын башкы директорунун орун басары Алмазбек Касымалиев музыкалык канал жаңы ачылганда эфирге коюуга болбой турган көптөгөн материалдар келип түшкөнүн айтып, контентти иргөө үчүн көркөм кеңеш түзүлгөнүн түшүндүрдү.

«Балким мыйзамдарды билбегендиктен, балким режиссёрлордун фантазиясынан улам бизге эстеликтердин үстүндө жаткан же үстүнөн басып жүргөн аткаруучулар тартылган клиптер келип түшкөн. Зордук-зомбулук элементтери бар, улуттук кийимдерди шылдыңдаган клиптер да болгон», — деди Касымалиев.

Анын айтымында, кээ бир учурларда клип ырдын тексти себептүү да эфирге кабыл алынбай калышы мүмкүн.

Scroll to Top