Нарында эки адамды сүзүп кеткен айдоочу 23 жаштагы аскер кызматчысы экени белгилүү болду

Нарын шаарында унаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен окуяга байланыштуу 23 жаштагы айдоочу аныкталды. Айдоочу аскер кызматчысы болгондуктан, анын иши Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматында, окуя 29-мартта саат 18:50 чамасында Шералиев көчөсүндөгү май куюучу жайдын маңдайында болгон. 2003-жылы туулган Н.Д. аттуу айдоочу «Митсубиси Лансер» унаасы менен бара жатып, жолдогу башка унаадан озуп өтүү үчүн каршы тилкеге чыккан. Натыйжада жөө бара жаткан эки жаранды сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы К.С. жана анын 52 жаштагы Г.А. оор жаракаттар менен Нарын облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу Н.Д. спирт ичимдигин колдонбогону такталган. Ал аскер кызматында кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу иш мыйзам чегинде каралуу үчүн аскер прокуратурасына өткөрүп берилди. Учурда жабырлануучулардын жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө.