Садыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырды

Бүгүн, 31-мартта, өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын, Майлуу-Суу, Кара-Көл жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлерин алмаштыруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыктарга ылайык, төмөнкүдөй кадрдык өзгөрүүлөр ишке ашырылды:
Нарын шаары:
Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул кызматка Жылдызбек Беккелдиев дайындалды.
Майлуу-Суу шаары:
Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Байгазиев мэр болуп дайындалды.
Кара-Көл шаары:
Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Аталган кызматка Эдилбек Тажимырзаев дайындалды.
Кызыл-Кыя шаары:
Бакытбек Кошалиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.