Мурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалды

01.04.2026 | 11:23

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Мекеменин маалыматында, Ташиев «Кыргызнефтегаз» ААКындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Ал Бишкек шаарынын ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинде бир нече ирет суракта болгон. Ал кайсы иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат берилген эмес. Ал эм 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган. Шайырбек Ташиев – УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Эске салсак, буга чейин Ички иштер министрлиги «Кыргызнефтегаз» ААКынын кызмат адамдарына карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын алкагында төрт киши кармалган. Бул иш боюнча Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев да кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

ИИМдин маалыматында, кылмыш ишинин козголушуна Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөдөгү маалыматтар негиз болгон.

Scroll to Top