Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Аксы районунун Катраңкы айылында Наманган каналына түшүп кеткен 11 жаштагы баланы издеп жатышат.
Министрликтен билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат 23-апрелинде саат 17:20 чамасында түшкөн. Издөө иштерине 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Бүгүн, 24-апрелде издөө иштери улантылат.