ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
02.04.2026 | 17:15

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы 16–18-апрель күндөрү Кытайдын Ордос шаарында өтө турган Азия чемпионатында катышат.
Турнирдин алкагында эркектер жана аялдар арасында жалпы 14 комплект медаль ойнотулат. Мелдеште Кыргызстандын намысын 14 спортчу коргойт, алардын 9у эркек жана 5и аял.
2025-жылы Бангкокто өткөн мурунку континенттик биринчиликте Кыргызстандын курама командасы бир медаль уткан. Эмирхан Жолдошказиев 100 кг жогору салмак ченинде коло байгенин ээси болгон. Ал эми 63 кг чейинки салмакта күчүн сынаган Адина Кочконбаева мелдештин жыйынтыгында бешинчи орунду ээлеп, байгелүү орунга бир кадам жетпей калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт