«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди

03.04.2026 | 10:04

«Кыргызнефтегаз» ААКындагы коррупция иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев 16-майга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (СИЗО-1) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 2-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган. Бул тууралуу ЖМКлар билдирди.

Мурдагы депутат Ички иштер министрлиги тарабынан «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалган.

ИИМдин маалыматында, тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.

“Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү тийиш”,- деп билдирди мекеме.

Scroll to Top