Адылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчы куттуктоосунда спорт тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
“Дене тарбия жана спорт калкыбыздын ден соолугунун себепкери, ал эми ден сак улут экономиканын негизги ресурсу, эл аралык аброю жана сыймыктуу жүзү экенин эске алуу менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп билебиз”, — деди ал.
Төрага акыркы жылдары президенттин жетекчилиги астында спорт инфраструктурасы жаңыланып, заманбап стадиондор жана башка объекттер курулуп жатканына токтолду. Бул аракеттер калктын жашоо узактыгын жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле куттуктоодо ал эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргоп, тууну бийик желбиреткен олимпиада байгегерлери жана дүйнө чемпиондорунун эмгегин жогору баалады. Ошондой эле футбол, шахмат жана киберспорт боюнча рейтингдерди жогорулатуу үчүн шарттар түзүлүп жатканын, ал эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытуунун маанилүү аянтчасы экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда өкмөт башчы тармак кызматкерлерине чың ден соолук жана ийгиликтерди каалады.