Бишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмеси

Эртең, 7-апрелде, борбор калаанын бир катар аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, сууну өчүрүү эртең мененки саат 09:00дөн баштап, кийинки күндүн түнкү саат 02:00сүнө чейин созулат.
Турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өнөр жай багытындагы объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Убактылуу ыңгайсыздыктар «Батыш» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы пландык оңдоо-алдын алуу иштерине байланыштуу.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Алыкулов — Кустанай — Муром — Садыгалиев — Лев Толстой көчөлөрү менен чектелген тилке, ошондой эле «Coca-Cola» заводунун аймагы;
- Садыгалиев көчөсү — Дэн Сяопин проспектиси — Лумумба — Волкова — Кустанай — Алимжан-Ата көчөлөрү — ЧЧК (Чоң Чүй каналы) линиясы — Ленская — Космонавттар — Коммунаров көчөлөрү — Ала-Арча дарыясынын нугу — Рыскулов — Пишпек — Жамгырчинов — Кайназаров көчөлөрү — Гатчинский тар көчөсү менен чектелген аймак;
- «Аскер шаарчасы» (Военный городок), «Кызыл-Аскер», «110-квартал» конуштары жана «Достук» кичи району.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана жарандарды, ошондой эле мекеме-уюмдардын жетекчилерин ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.